Марал Радиосу

Оштон Ысык-Көлгө биринчи аба каттамы менен 105 жүргүнчү учту

Бүгүн, 30-июнда «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту биринчи жолу Ош шаарынан келген биринчи аба каттамды кабыл алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Аба каттамдарын «Тез жет» авиакомпаниясы аткарат. Биринчи катам менен Ош — Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчү жеткирилди. Ал эми Тамчыдан Ош шаарына 103 жүргүнчү учту.

Каттамдар жумасына 6 жолу — шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү аткарылат. Учак туристтик мезгил учурунда, 31-августка чейин каттайт.