Бүгүн, 30-июнда Өзбекстандын борбору Ташкентте Жаштар күнүнө карата автобустар 14 жаштан 30 жашка чейинки жүргүнчүлөрдөн жол кире албайт. Бул тууралуу «Газета.уз» сайты калаанын акимчилигине шилтеме кылып кабарлады.
Жаштар өкмөттүн 1-июндагы жыйынында кабыл алынган протоколдун негизинде бекер ташылат. Бирок жүргүнчүлөрдүн жаш курагы кантип аныкталары так көрсөтүлгөн эмес.
Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, Өзбекстанда Жаштар күнү 2018-жылдан бери белгиленип келет. 2017-жылы 30-июнда жаштардын «Камолот» коомдук уюму Жаштар биримдиги болуп кайра түзүлгөн. Анда кыймылдын курултайында сүйлөгөн президент Шавкат Мирзиёев жыл сайын 30-июнда Жаштар күнүн белгилөөнү сунуштаган.
2020-жылы июнда президент мамлекеттин жаштар саясатын ишке ашыра турган орган катары Жаштар иштери боюнча агенттик түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
2022-жылдын аягында Министрлер кабинетинин курамында Жаштар саясаты жана спорт министрлиги түзүлгөн. Ага чейин иштеп келген Жаштар иштери боюнча агенттик жаңы министрликтин бир бөлүгү болуп калган.