Марал Радиосу

Эс-учун жоготуп, ооруканага түшкөн ырчы Мадонна үйүнө чыгарылды

Америкалык ырчы Мадонна кооптуу бактериялык инфекция менен ооруканага түшүп, дүйнөлүк турнесин кийинкиге калтырды. Бул тууралуу менеджери Гай Осири Instagram баракчасына жазды.

Би-Би-Си билдиргендей, Мадонна ооруканадан тез жардам менен Нью-Йорктогу үйүнө жеткирилген жана өзүн жакшы сезип жатат.

Бир нече күн жандандыруу бөлүмүндө жаткан 64 жаштагы ырчынын абалы жакшырып баратат, бирок дагы эле дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал дүйнөлүк гастролу качан болору айтыла элек.

Page Six порталы жазгандай, Мадонна эс-учун жоготкон абалда 24-июнда Нью-Йорктогу ооруканага жеткирилген.

65 жаштагы Мадоннанын музыкалык карьерасынын 40 жылдыгына арналган дүйнөлүк турне 15-июлда Ванкуверде башталып, Канада, АКШ жана Европанын 35 шаарында 84 концертти камтышы керек эле. Гастролду 2024-жылдын январында аяктоо пландалган.

Exit mobile version