Connect with us

Ысык-Көлдө «Айкөл» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды

Кыска кабар | 30 Июн 2023 | 251 | 0

Ысык-Көлдө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу жаңы «Айкөл» балдардын ден соолугун чыңдоо борбору ачылды. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, буга чейин мекеме «Спутник» деп аталып келген.

1960-жылдары курулган имараттын эскилиги жетип, өткөн жылы балдар лагеринин 4 имараты эксплуатациялоого жараксыз деп табылган.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров 2022-жылдын август айында тиешелүү инфратүзүмү бар 240 орундуу балдар лагерин куруу тапшырмасын берген.

Бардык объектилерде эмеректер коюлуп, жабдуулар орнотулган, ал эми борбордун аймагы жашылдандырылган.

Copyright © 2017 Maral FM