Казакстан парламентинин Сенаты «Мыйзамсыз алынган мүлктөрдү кайтаруу жөнүндөгү» мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы билдирди.
Эми ага президенттин кол коюусу зарыл.
Аталган мыйзам долбоору мыйзамсыз алынган активдерди мамлекетке кайтарууга, активдерди ыктыярдуу түрдө кайтарууга дем берүүгө, ошондой эле каражаттарды мыйзамсыз алууга жана өлкөдөн чыгарып кетүүгө шарт түзгөн себептерди жоюп, коомдогу социалдык адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө багытталган, – деп айтылат.
Казакстан Сенатынын депутаты Андрей Лукиндин айтымында, мамлекет активдерди мыйзамсыз чыгарып кеткен жарандарды жоопкерчиликке тартууну же эркинен ажыратууну максат кылбайт. Ал мыйзам долбоору эч кандай өзгөртүүсүз жана кошумчасыз кабыл алынганын белгиледи.
Буга чейин Казакстандын Башкы прокуратурасы өлкөгө 760 миллиард теңге актив кайтарылганын билдирген. Бирок алардын кимдин активдери экени жана кайсы өлкөлөрдөн канчасы кайтарылганы боюнча ачык маалыматтар жок. Апрелде Transparency Kazakhstan уюмунун эксперттери активдерди кайтаруу ишинде ачыктык жок экенин белгилеп, бул коррупциянын деңгээли боюнча рейтингдердеги Казакстандын позициясынын начарлашына алып келиши мүмкүн экенин эскертишкен.
Кандуу Январь окуяларынан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев «өлкө байлыгынын көпчүлүк бөлүгүнө ээлик кылып алган» адамдардын тобу жөнүндө бир нече жолу айткан. Айрым эксперттер азыркы бийликтин чет өлкөлөрдөгү активдерди кайтаруу аракетин капиталды кайрадан бөлүштүрүү өнөктүгүнүн бир бөлүгү экенин айтып келишет.
Өткөн жылы декабрда «Казакстандан мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды кайтаруу боюнча» атайын комиссия өлкөгө 630 миллиард теңгеден ашык каражат кайтарылганын билдирген.
Tax justice network уюмунун маалыматына караганда, акыркы 25 жылдын ичинде Казакстандан чет өлкөлөргө 140-160 миллиард доллар чыгарылып кеткен. Айрым талдоочулар бул каражат мындан кыйла көп болушу мүмкүн экенин айтып келишет.