Бүгүн, 27-июнда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитет «Элдик Курултай жөнүндө» конституциялык мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, жактырды.
Мыйзам долбоору тууралуу комитеттин төрайымы Чолпон Султанбекова маалымат берди.
Конституциялык мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 7-беренесинин 2-бөлүгүн ишке ашырууга багытталган.
Мыйзам долбоору президенттин демилгесинин негизинде жазылган. Бул долбоорду карап чыгуу боюнча ар бир фракциядан бирден депутат катышкан жумушчу топ түзүлүп, алар 22 беренени 15ке чейин кыскарткан. Өткөн жылы «Элдик курултай жөнүндө» мыйзам кабыл алынбай туруп, мыйзам бузуу менен биринчи элдик курултай өткөн.