Кыргызстанда 5 айдын ичинде 13,6 миңден ашык адам иш менен камсыз болду. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын беш айында райондук жана шаардык иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 6,1 миң адам ишке орноштурулган.
Ал эми аймактарда көрктөндүрүү боюнча акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга 7,5 миң адам тартылган.