Марал Радиосу

Бишкекте үй тибиндеги бала бакчага баргандар 700гө жакындады

Билим берүү жана илим министрлиги 23-июнга карата үй тибиндеги 31 бала бакча ачылып, аларга 700гө жакын бала барып жаткандыгын маалымдады.

Кыска мөөнөттүү окуудан өткөн 504 адис мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү жөнүндө сертификат алган, 166 жаран бул багытта жеке ишкер катары Мамлекеттик салык кызматынан каттоодон өткөн.

Ал эми учурда 677 адам онлайн окутуудан өтүүдө.

Үй тибиндеги бала бакчалар «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын «Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды кыскартуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу» долбоорунун алкагында ачылууда.

Exit mobile version