Марал Радиосу

Орусия: Пригожинге каршы кылмыш иши токтотула электиги айтылды

Орусия Башкы прокуратурасы «Вагнер» жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожинге каршы куралдуу козголоң уюштуруу боюнча козголгон кылмыш иши жабыла элегин билдиргенин «РИА Новости» жазды.

«Пригожинге карата кылмыш иши токтотула элек», — деген булак кенен маалымат берген эмес.

24-июнь күнү эртең менен «вагнерчилер» Ростов-на-Донудагы аскердик объектилерди көзөмөгө алганы жарыяланып, Москвага бет алышкан. Орусиянын федералдык кызматы Евгений Пригожинге каршы кылмыш ишин козгогон.

24-июндун кечинде Беларусиянын президенти Александр Лукашенко Пригожин менен сүйлөшүү жүргүзүп, «вагнерчилердин» куралдуу кыймылын токтотууга келишишкен. Ошол эле кечте «Вагнердин» жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарынан чыгып кете баштаган.

Буга чейин Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков макулдашууга ылайык, Евгений Пригожинге каршы кылмыш иши токтотулуп, өзү Беларуска барарын билдирген.

Exit mobile version