Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары болуп Элдана Сатарова дайындалды. Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.
Бул тууралуу аталган агенттиктен билдиришти.
Сатарова буга чейин Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикте ар кандай кызматтарды аркалап келген. Жаңы дайындалганга чейин Экономика жана коммерция министрлигинин мамлекеттик мүлк саясаты башкармалыгынын башчысы болуп иштеген.
Элдана Сатарова жогорку билимдүү. Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын мамлекеттик башкаруу боюнча магистратурасын аяктаган.