Быйыл Курман айт 28-июнь күнү белгиленет. Айт намаз таңкы саат 06:00дө эски «Ала-Тоо» аянтында окулат.
Муфтият Айт намаздын программасын жарыялады:
саат 06:00-07:00 – Дин аалымдарынын баяндамасы;
07:00-07:30 – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийинин куттуктоосу жана баяндамасы;
07:30 – Айт намаз.
Кыргызстандыктар 28-июнда эс алат. Бул күн Курман айт майрамына карата кызыл менен белгиленгенин Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигин билдирди.