Марал Радиосу

Касымалиеванын БУУнун трибунасындагы сүрөтү жарыяланды

Бириккен улуттар уюмунун жаңылыктар кызматы Twitter баракчасына Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү Аида Касымалиеванын кызы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Сүрөт 24-июнда белгиленген дипломатиядагы аялдардын эл аралык күнүнө карата тартылган.

Аида Касымалиева кызы менен БУУнун трибунасында сүрөткө түшкөнүн көрүүгө болот.

Twitter’дин колдонуучулары Аида Касымалиеванын сүрөтүнүн алдына сын иретиндеги комментарийлерди жазышкан, бирок БУУнун жаңылыктар кызматы аны жашырып койгону талкуу жаратууда.

Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикери Аида Касымалиева президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Кыргызстандын БУУдагы расмий өкүлү болуп 2021-жылы декабрда дайындалган.

Exit mobile version