Марал Радиосу

Июлда Баку-Бишкек багыты боюнча аба каттамы ачылат

15-июлдан тарта азербайжандык AZAL авиакомпаниясы Азербайжандын борбору Бакудан Бишкекке үзгүлтүксүз аба каттамдарды ачат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Каттамдар жумасына 1 жолу – ишемби күндөрү жүргүзүлөт.

Авиабилеттерди www.azal.az расмий сайтынан, ошондой эле авиакомпаниянын мобилдик тиркемеси аркылуу сатып алса болот.

Баку шаарынан Бишкекке түз аба каттамдары ачылары тууралуу кептер 2019-жылдан бери айтылып келген. 2021-жылы президент Садыр Жапаров Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Гидаят Оруджевди кабыл алганда да Баку-Бишкек аба каттамын ачууну тездетүү тууралуу сөз болгон.