Марал Радиосу

Эдил Байсаловго жаңы мамлекеттик чин ыйгарылды

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнүнө карата чыккан Жарлыкка ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго мамлекеттик-жарандык кызматтын III класстагы кеңешчиси класстык чини ыйгарылды.

Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Класстык чинди ыйгаруу күбөлүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тапшырды.

Бүгүн, 23-июнь — мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик майрамы.

Жогорку Кеңештин 22-июндагы жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасы каралган. Депутаттар талкуудан кийин президентке аны кызматтан алуу сунушун жөнөткөн.