Марал Радиосу

Садыр Жапаров Германиянын президенти менен жолукту

Бүгүн, 22-июнда Бишкекте Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапары башталды.

Президент Садыр Жапаров Германиянын президентин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында тосуп алды.

Эки өлкө башчылары алгач тар чөйрөдө жана кең чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү күтүлүп жатат.

Сапардын алкагында эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташууга келишим түзүлөрү айтылган. Алар: саламаттыкты сактоо, айыл чарба, гидроэнергетика жана экология, билим берүү тармактары.

Кыргызстанга Германиянын президенти келди