Марал Радиосу

Кыргызстанга Германиянын президенти келди

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

Аны «Манас» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов тосуп алды.

Иш сапардын алкагында Германиянын федералдык президенти Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен жолугат, анда тараптарды өз ара кызыктырган кыргыз-герман өнөктөштүгүн чыңдоо жана мындан ары тереңдетүүнүн актуалдуу маселелери талкууланат.