Марал Радиосу

Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссиянын корутундусу эртең чыгат

Жогорку Кеңештин «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссия жабык жыйын өткөрүүдө. Эл өкүлдөрүнүн айтымында, комиссиянын чечими эртең чыгары күтүлүп жатат.

Буга чейин депутаттар төрт жолу жыйын өткөргөн.

Башкы прокуратура Жогорку Кеңешке Адахан Мадумаровду жоопко тартуу үчүн макулдук сураган кат жолдогон. Ал парламенттин 31-майдагы жыйында күн тартибине кезексиз киргизилип, регламентке ылайык иштин жагдайын иликтеп чыгуу үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн.