Марал Радиосу

Тогуз-Тородо өзгөчө кырдаал жарыяланды

Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Нарын дарыясында суунун көлөмү көтөрүлүп, Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукту жана 16 гектар айдоо жерин, аэропорттун учуу конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.

«Мындан улам Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу комиссиясына «айгай» жарыяланып, Жалал-Абад облустук жарандык коргонуу башчысы А. Сыргабаев жана ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник А. Закировдун катышуусунда штабдык олтурум өтүп, Тогуз-Торо районуна III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилген», — деп айтылат маалыматта.

Жеринде Нарын дарыясынын белгиленген тилкесинде суунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жарандык коргонуу кызматынан тиешелүү оор техникалар тартылып, алар күйүүчү май менен камсыздалды.

Түшүндүрмө: III даражадагы өзгөчө кырдаал унаа жолдо, темир жолдо, суу түтүктөрүндө, май куюучу жайда, трансформаторлордо же дагы ушул сыяктуу кооптуу жайларда жарылуу болгон учурда, жолдорду кыян-сел алып кеткен учурда, канал-суулар нугунан ашып, жолдорду, айылдарды каптап кеткен учурда, дагы башка ушул сыяктуу жагдайларда жарыяланат.