Марал Радиосу

Эртең кыргыз-кытай чек арасы убактылуу жабылат

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы «Торугарт» жана «Эркештам» көзөмөл-өткөрүү бекеттери 22-июнда убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Мекеменин билдирүүсүнө караганда, бекеттер Кытайдагы «Дуань-у» майрамына карата жабылат.

Адамдарды, транспорттук унааларды өткөрүү 23-июнда калыбына келтирилет.