Марал Радиосу

22-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 22-июнда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаайт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй облусунда түнкүсүн +16…+21, күндүз +29…+34,

Талас облусунда түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +24…+29,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +22…+27.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +32…+34 градус болот.