Марал Радиосу

Кыргыз драма театры «Төлгө» спектакли менен сезонун жабат

Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-сезонун Жалил Садыковдун «Манастын уулу Семетей» драмасынын негизинде сахналаштырылган «Төлгө» спектакли менен жабат.

Бул тууралуу аталган театрдан кабарлашты. Спектакль 20-июнда саат 18:30да коюлат.

Кыргыз улуттук академиялык драма театры 96-театралдык сезондун ачылышын да ушул эле спектакль менен баштаган.