Кыргызгидромет билдиргендей, эртең, 21-июнда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Калган аймактарла жаан жаабайт.
Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +16…+2, күндүз +27…+32,
Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +27…+32,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +19…+24, күндүз +31…+36,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28,
Нарын облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +22…+27.
Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз айрым жерлерде 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +30…+32 градус болот.