Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 20-июндагы жыйынында «Билим берүү жөнүндө» бириктирилген мыйзам долбоорлору экинчи окууда каралды.
Бир күн мурун аталган комитетте кворум болбой, мыйзам долбооруна добуш берилбей калган.
Мыйзам долбоорунун демилгечилери — Жогорку Кеңештин депутаттары. Ал Билим берүү жана илим министрлиги сунуштаган долбоор менен бириктирилген.
Сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда билим берүүнү каржылоодо жогорку окуу жайларга жана мектептерге этап-этабы менен ваучердик системаны киргизүү, жеке бала бакчаларды ачууда лицензия берүү жагдайын жокко чыгаруу демилгеленген.
Талкуудан кийин бириктирилген мыйзам долбоору экинчи окууда колдоого алынды.