21-23-июнь күндөрү күч органдарынын кызматкерлери мектеп бүтүрүүчүлөрүнө аттестат берүүгө арналган салтанаттуу иш-чаралары учурунда коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздашат.
Ички иштер министрлиги кабарлагандай, өлкө боюнча 5 миңдей милиция кызматкери коомдук тартипти сактоого тартылат.
Коомдук эс алуучу жайларда, калктуу аймактардан сырткары жайларда милиция кызматкерлеринин кайгуулдары күнү-түнү уюштурулуп, жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрү ата-энелери менен биргеликте топтошуп көңүл ачуусуна бөгөт коюлат.