Марал Радиосу

Быйыл Курман айт качан болору айтылды

2023-жылдагы Курман айт майрамы 28-июнда белгиленет. Бул тууралуу Муфтияттан кабарлашты.

19-июнь Зулхижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 27-июнь арапа күнү, 28-июнь Курман айт майрамы.

Курман айт Орозо айттан 70 күн өткөн соң белгиленет. Былтыр Курман айт 9-июлда майрамдалган.