Марал Радиосу

18-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 18-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18…23, күндүз 32…37;

Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 33…38;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 24…29 градус ысыйт.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Кечке жуук өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын табы түнкүсүн 18…20, күндүз 34…36 ысык болот.