Кыргызстанда инсулин чыгарган завод курулары айтылды. Евразия Экономикалык Биримдигинин өндүрүш тажрыйбасынын талаптарына жооп бере турган дары-дармек заводунан, лабораториялардан, окуу борборунан, кампалардан турган атайын фармацевтикалык комплекс куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Инвестициялык макулдашуу Кыргыз Өкмөтү менен нидерландиялык BioPharmax B.V. компаниясынын ортосунда түзүлдү. Аталган компаниянын өкүлдөрү бүгүн жыйын өткөрүп, маалымат беришти.
Инсулин жана дары-дармек чыгарган завод «Бишкек» эркин экономикалык аймагына курулат.
Фармацевтикалык заводдо Кыргызстанда маанилүү дарылардын жана медициналык буюмдардын улуттук тизмесине кирип, бирок мамлекетте өндүрүлбөгөн дары-дармек чыгарылат. Анын курулушу 2024-2028-жылдарга мерчемделүүдө.
BIOPHARMAX компаниясынын Кыргызстандагы башкы директору Жыргалбек Сагынбаев Министрлер кабинети жер бөлүп бергенин, курулуш башталуу алдында турганын, бир канча биолаборатория жана дары-дармек чыгаруу боюнча негизги завод куруларын билдирди.
«Бүгүнкү күндө биз курулушту баштоого даярбыз. Долбоор эл аралык стандартка туура келген кампанын курулушу менен башталат. Мындай кампа Кыргызстанда биринчи жолу болмокчу жана заманбап шартта курулуп, иши снариптештирилет. Кампанын аянты 4 миң чарчы метрден ашык болот. Инвестициянын жалпы көлөмү 150 млн АКШ долларын түзүп, долбоор ишке ашырылгандан кийин миңден ашык жумуш орун түзүлмөкчү».
Кыргызстанга дары-дармек негизинен сырттан ташылып келгендиктен баасы кыйла кымбат. Анан калса, инсулин жетишсиздиги көйгөй жаратууда. Кант диабетинен жабыркагандар үчүн инсулин тартыш болуп жатканы жыл сайын көтөрүлөт.
Чет өлкөлүк компаниянын жетекчиси Сарэль Хен-Тов инвестиция салуунун максаты Кыргызстанга жогорку технологияларды алып келүү экенин билдирди. Завод акыркы технологиялар менен жабдылып, бардык эл аралык стандартка жооп берерин кошумчалады.
«Заводду куруу менен биз өлкөнүн дары-дармекке импорттон көз карандылыгын кыскартканы жатабыз. Мындан тышкары Кыргызстанда чыгарылып, чет өлкөлөргө жөнөтүлө турган дары-дармек экспортун жөнгө салуу да пландаштырылууда.
Өлкөдө фармацевтикалык заводдун пайда болушу дары-дармектин жеткиликтүүлүгүн жогорулатат. Муну аркасында Кыргызстандагы кесиптик окуу жайлар менен иштешүүдө жогорку технологиялар жаатында билимге ээ болгон муунду тарбиялай алабыз».
Компаниянын директорлор кеңешинин төрагасы Игаль Турискийдин айтымында, Бишкекте биолаборатория ачуу кооптуу эмес, анткени негизги иштер өнөктөштөрдүн аймагында жүргүзүлөт. Кыргызстанда дары-дармек жасоо жана башка иштер жүрүп турат. Учурда Бишкекте болочок заводдун долбоору иштелип жатат.
«Өлкөдө өндүрүлгөн бардык дары-дармек эл аралык стандарттарга шайкеш келип, коопсуз жерде сакталышы зарыл. Компания Кыргызстандагы дары-дармек каражаттарын чыгарган башка ишканаларга да колдоо көрсөтөт. Биолабораторияда эксперименттер өткөрүлбөйт, бардыгы тиешелүү стандарттарга ылайык технология менен өндүрүлөт. Ал эми мамлекеттик органдар өндүрүштү көзөмөлдөп турат».
Инвестициянын жалпы көлөмү 150 млн долларды түзүп, завод ишке киргенден кийин миңден ашык жумуш орун түзүлмөкчү.
Президент Садыр Жапаров 16-июнда дары-дармек өндүрүү үчүн тийиштүү шарттар түзүлбөгөнүн сындады. Кеңешмеде министрликке караштуу «Кыргызфармация» ишканасына бөлүнгөн каражат тууралуу маалымат берилди.
«Кыргызфармация» мамлекеттик ишканасына 30 млн сом мамлекеттик насыя алынган, дары-дармек өндүрүү боюнча алдыңкы жети чет өлкөлүк завод менен келишимдер түзүлгөнү айтылды. Бул чара өлкөдөгү дары-дармекке болгон муктаждыктын 10 пайызын жабууга мүмкүндүк берет, үнөмдөө 115 млн сомду түзөт.
Садыр Жапаров «Кыргызфармация» ишканасына азыркыга чейин бюджеттен 1 млрд сом каражат бөлүнбөгөнүн сындады жана акчаны бөлүүгө бир жума убакыт берди.
Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда кант диабети менен жабыркаган 60 миңдей адам расмий каттоодо турат. Чынында алар мындан үч-төрт эсе көп болушу ыктымал. Кант диабетинин биринчи тибине чалдыккан эки миңден ашык бала бар.