Марал Радиосу

Күрөш (U23): Эки балбан Азия чемпиону болду

Кечээ, 15-июнда Бишкекте күрөш боюнча 23 жашка чейинки (U23) балбандар арасында Азия чемпионаты башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Мелдештин биринчи күнүндө грек-рим күрөшү боюнча балбандардын таймашы өтүп, кыргызстандык 6 спортчу мелдештин финалына чыкты.

Биринчи орун үчүн күч сынашкан балбандардын арасынан Раззак Бейшекеев (67 кг) менен Асан Жанышов (82 кг) алтын байге тагынып, Азия чемпиону аталышты.

Ошондой эле Нурмухаммед Абдуллаев (60 кг), Адилхан Нурланбеков (72 кг), Ырыскелди Максатбек уулу (77 кг) жана Нурманбет Раймалы уулу (97кг) күмүш байге утту.

Мелдеш «Бишкек-Арена» спорт комплексинде өтүп жатат.