Иран Орусия менен Тажикстанда учкучсуз учуучу аппарат (дрон) жасаган ишкана ачышы мүмкүн. Бул маалымат АКШ мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамада айтылды. Аттары аталган өлкөлөр бул кабарды төгүндөй да, тастыктай да элек. Эгер Тажикстанда согуштук дрон чыгарган ишкана курулса, Борбор Азия мамлекеттерине, анын ичинде коңшу Кыргызстанга кандай таасир тийгизет? Алдыда серепчилер менен биргеликте талдайбыз.
Жакында эле АКШ мамлекеттик департаменти жарыялаган баяндамада «Маалыматка караганда, Иран Тажикстан менен Орусиянын аймагында учкучсуз учуучу аппараттарды чыгаруу үчүн технология жана жабдуу сунуштаган» деп жазылды.
Саясат талдоочу Кубан Абдымендин пикиринде, Америка Кошмо Штаттары тараткан маалымат канчалык далилдүү экенин айтуу кыйын. Ошол эле учурда алар Орусиянын күчтөнүүсүнө жол ачкан мүмкүнчүлүктөрдү чектөөгө аракет кылып келүүдө. Себеби Орусия менен Ирандын, Иран менен Тажикстандын мамилеси жакшы.
Саясат талдоочу маалыматтын артында эмне турарын, Борбор Азияга, анын ичинде биздин мамлекетке тийгизер таасирин мындайча талдады:
«Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга билдирүүнүн артында эмне турары белгилүү эле. Бул — «силер да Иран менен Тажикстанга окшоп Орусияга жардам бере турган болсоңор, биз буга көңүлүбүздү буруп, керектүү чараларды көрөбүз» деген эскертүү».
Тажикстан — Ооганстан менен чектеш өлкө. Ооган бийлигине «Талибан» кыймылы келгенден кийин тажик өлкөсүн кысымга алып, ар кандай талаптарды коюп келген. Эки өлкөнүн чек арасында ок атышуу да болгон.
УКМК төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков бул аракетти Тажикстандын өзүнүн коопсуздугу үчүн шилтеген кадамы катары баалады.
«Террордук мамлекет болгон Ооганстан акыркы убакта Тажикстанга абдан чоң коркунуч жарата баштады. Бирок Тажикстан аларга туруштук берип, баш ийбей, өз таламын талашып жаткан учуру. Бул саясий жагы гана, кээде чек арада атышуу болуп жатат, бул — алар үчүн коркунуч».
Аны менен катар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда чек ара маселеси дале толук чечилип бүтө элек. Артур Медетбеков эгер кандайдыр бир келишпестик болуп кетсе, дрондорду Кыргызстанга да колдонуп калышы мүмкүн экенин эскертти.
«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелери дагы деле демаркация-делимитациялоо процессинде. Буга чейин болгон окуялар так калтырып, жара кылып кетти. Андан сырткары алар дале аскердик оор техникаларын чек арага жакындатып койгон учурлар бар. Кокус жаңжал чыгып кетсе, чыгарылган дрондорду биздин элге, аскерлерге колдонбосуна эч ким кепилдик бербейт. Демек, бул жерде потенциалдуу түрдө коркунучтар бар».
Ирандын Орусия менен Тажикстанга дрон чыгаруучу завод куруу максатынын артында кандайдыр бир кызыкчылык жатарын саясат талдоочу Кубан Абдымен айтты.
«Азыркы учурда Иран Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болуп киргени турат. Албетте, Орусия менен Кытайга ыктап жаткан Иран өзүнүн таасирин башка мамлекеттерге да көбүрөөк тийгизүүгө аракет кылышы мүмкүн. Анын ичинде өзүндө чыгып жаткан курал-жарактарды экспорттоого, башка өлкөлөргө сатууга кызыкдар. Муну менен санкцияларга дуушар болгон Иран акча табуунун ар кандай жолдорун издеп жатат».
Ирандын учкучсуз башкарылган дрондору орус-украин согушунда «Шахед» деген ат менен таанылып, Орусия колдонуп келет. «Шахед» дрондору Түркия, Израилдин аппараттарына караганда жеңил система менен жасалып, баасы бир кыйла арзан. Өткөн жылы Иран дрондорун сатып алууга кызыккан 22 өлкөнүн тизмесин жарыялаган. Тизмеде Орусия менен Тажикстан да аталган.