Connect with us

Президентке караштуу маалыматтык технологиялар лицейи түзүлдү

Кыска кабар | 15 Июн 2023 | 184 | 0

Президент Садыр Жапаров «№ 99 Кесиптик лицейине өзгөчө статус берүү жөнүндө» жарлыкка кол койду.  Бул тууралуу Президенттик администрациядан билдиришти.

Президент IT-багыттар боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, эмгек рыногунда талап кылынган атаандаштыкка жөндөмдүү жаштарды даярдоо максатында токтом чыгарган:

  1. Кеңири финансылык автономия жана академиялык эркиндик берүү менен «№ 99 Кесиптик лицей» мекемесине өзгөчө статус берилсин жана андан ары «Президентке караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемеси деп аталсын.
  2. «Президентке караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемесине өзгөчө статустун алкагында төмөнкүдөй укуктар берилет деп белгиленсин:

1) Мыйзамдарда белгиленген башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна талаптарды эске алуу менен билим берүү стандарттарын өз алдынча иштеп чыгууга жана бекитүүгө;

2) билим берүүдөн, окуу-өндүрүштүк жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен киреше алууга жана аларды ишти жакшыртууга жана материалдык-техникалык базаны өнүктүрүүгө жумшоого;

3) көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен сатып алынган материалдык-техникалык базаны өз алдынча тескөөгө (ажыратууга, алмаштырууга, ижарага берүүгө), ошондой эле материалдык-техникалык базаны ижарага берүүдөн алынган каражаттарды тескөөгө;

4) башкаруунун ички түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын өз алдынча аныктоого;

5) акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын көрсөтүү үчүн тарифтерди өз алдынча түзүүгө жана бекитүүгө.

  1. Билим берүү жана илим министрлиги:

1) «Президентке караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи» мекемесинин педагогикалык кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттарын жакшыртууга багытталган ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун демилгелесин;

2) ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка зарыл болгон чараларды көрсүн.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM