Марал Радиосу

Кыргызстандыктарга Казакстандын ЖОЖдорунда билим алуу үчүн 50 орун берилет

Билим берүү жана илим министрлиги 2023-2024-окуу жылына карата Казакстандын жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктар арасында конкурс жарыялады.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, Казакстан 2023-2024-окуу жылына Кыргызстандын жарандарын бакалавриат, магистратура жана ординатура программаларына окутуу үчүн 50 орун бөлүүдө.

Сынактык тандоого катышуу үчүн талапкерлер «2023-2024-окуу жылына Казакстан Республикасынын ЖОЖдоруна кабыл алуу» бөлүмүнө катталып, тиешелүү документтерди 22-июнь саат 23:59га чейин жүктөшү керек.

Документтердин толук эмес топтомун камтыган өтүнмөлөр автоматтык түрдө четке кагылат.

Транспорттук жана башка чыгымдар стипендиялык программанын катышуучулары өз алдынча каржылайт. Толук маалыматтарды бул шилтемеден окуу керек.