Марал Радиосу

Парламент прокуратурадан тергөө укугун алууну экинчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 14-июндагы жыйынында «Прокуратура жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду.

Мындан тышкары «Кылмыш-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору да экинчи окууда кабыл алынды.

Президенттик администрация Башкы прокуратурадан тергөө укугун алууну сунуштаган мыйзам долбоору 20-апрелде коомдук талкууга коюлуп, кызуу талаш-тартыш жараткан.

Демилгечилер прокуратура органдарында тергөөдө коррупциялык көрүнүштөрдү жана кызыкчылыктардын кагылышынын алдын алуу, укук коргоо органдарындагы тең салмактуулукту камсыздоо максатын көздөй турганын билдирген.