Марал Радиосу

«Кыргызстан билим берүү экспортун күчөтүшү керек»

2022-2023-жылкы окуу жылында Кыргызстанда 71 миң чет элдик студент билим алды. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады. Студенттердин 46 миңи: КМШ өлкөлөрүнүн жарандары.

Кыргызстан билим берүү экспортуна мүмкүнчүлүгү бар, бирок аны күчөтүүсү керектигин адистер айтышат.

Кыргызстандагы студенттердин 30,5 пайызы чет өлкөлүк жарандар. Анын ичинен 44 миңдейи КМШга мүчө мамлекеттерден, 25 миңден ашууну башка өлкөлөрдөн келип билим алышат.

Индия, Пакистан, Кытай мамлекеттеринен келген студенттерден ЖОЖдорго жылына орто эсеп менен 4 млрд 771 млн 610 миң сом түшөт. Алардын басымдуусу медициналык окуу жайларына тапшырышат.

Мындай көрсөткүчтөрдөн улам «Кыргызстан билим берүүнү экспорттоодон жакшы каражат таба баштады» деген пикирлер айтылат. Мамлекетти билим берүү боюнча хабга айлантуу керектигин Салымбеков университетинин президенти Амангелди Жумадилов белгилейт.

«Биз атаандаштыкты жеңишибиз керек. Өзүбүз өнүктүрүп баштаган сектор менен Кыргызстан чоң бир хабга айланышы керек. Азыркы тапта Индия, Пакистан, Бангладеш, Непал сыяктуу мамлекеттерден студенттер келип жатат. Ал эми келечекте дүйнө жүзүнөн студенттер келе тургандай деңгээлге өсөт. Анткени глобалдык чөйрөдө биздин өлкөгө келе тургандар көбөйүп, Кыргызстан жөнүндө көп айтыла баштаса, Европа жана башка алыскы мамлекеттерден студент тартууга чоң потенциал бар. Себеби жогорку окуу жайлар чет элдик студенттер аркылуу техникалык, материалдык базасын, билим берүү сапатын күчтөп, эл аралык стандарттарга аккредитациядан өтө берсе, акырындык менен Кыргызстан хабга айланып, дүйнөнүн төрт бурчунан студенттер келе баштайт».

Учурда республикада 78 жогорку окуу жай бар, анда 230 миңден ашык студент билим алат.

Медициналык билим алууну максат кылып келген чет элдик студенттердин басымдуу бөлүгү: индиялыктар.

Билим берүү маселелери боюнча серепчи Садат Саттарованын жергиликтүү окуу жайлардагы медициналык билим берүүнүн сапатына ичи чыкпайт. Ал чет өлкөлүк студенттер толук кандуу медициналык кызматкер болуп иштеп кетерине ишенбейт.

Башка адистиктер боюнча билим берүү сапатын жогору баалай турганын, Кыргызстанда башка мамлекеттердин университеттери ачылып жатканы натыйжалуу көрсөткүч экенин белгилейт.

«Башка факультеттерде жакшы окутат. Биздин өлкөдөн бүтүп кеткен студенттер чет өлкөлүк ири компанияларда жумуш таап, иштеп кетип жатышат. Кыргызстан чакан мамлекет болгонуна карабастан, чет элдик студенттерди тартып, ЖОЖдордо окутуп, аларга шарттарды түзүп берип жатканы — кубантарлык көрүнүш. Жергиликтүү жана чет элдик студенттердин бул жакта чогуу окуп жүрүшү бир гана маданият эмес, достукту бекемдейт, биздин жаштарга чет өлкөлөргө чыгууга жолдор ачылат. Бул системаны министрлик коркпой эле колго алып кеңейтиши керек».

Билим берүү маселелери боюнча дагы бир адис Эгемберди Абдазов мамлекет эл аралык стандарттарга маани берип, билим берүүнү заман талабына ылайыкташтырышы керек деген ойдо. Анткени билим берүү сектору өнүккөн болсо, өлкө экономикасы жогорулайт, мамлекеттер аралык алака да жакшырат. Адис бул тармакты өнүктүрүү үчүн бир нече сунуш берди:

«Биринчиден, Япония, Корея, Кытай өлкөлөрүндө орус тилине кызыккан студенттер абдан көп. А бирок орус тилин Орусияга барып окуу аларга кымбатка туруп калат. Бул себептен ошол студенттерди өзүбүзгө тартсак болот. Кыргызстанга келип, орус тилин үйрөнө ала тургандай шарт түзүп берсек жакшы болот. Экинчиден, чет элдик студенттер үчүн IT тармагындагы билим берүүнү күчөтсөк болот. Бул да ачыла элек багыттардын бири. Ушуларды колго алсак, натыйжа чыгат».

Кыргызстанда быйылкы окуу жылында 71 миң чет элдик студент билим алган. Анын 43 миңден ашыгы — КМШ өлкөлөрүнүн жарандары. Эң көбү Өзбекстан, Казакстан жана Орусиядан келишет, ал эми алыскы мамлекеттерден Индия, Пакистан жана Түркиядан келгендер көбүрөөк.

Салыштыруу үчүн Улуттук статистика комитети 2012-2013-окуу жылынын маалыматтарын берген. Ал убакта чет өлкөлүк студенттер 11 миң эле болгон. Көбү Казакстандан (4 357), Өзбекстандан (1 219) жана Индиядан (1 137) келген.

Exit mobile version