Марал Радиосу

«400 жылда да жок болбойт». Өлкөдө желим баштыктарга тыюу салынат

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети 12-июндагы отурумунда «Кыргызстандын аймагында желим баштыктарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи окууда колдоду. Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев полимер материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында мыйзам долбоору жазылганын айтты. Мыйзам долбооруна ылайык, желим баштыктардын ордуна биологиялык жактан ажыроочу таңгактарды колдонуу сунушталууда. Полимер материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу желим баштыктарды алып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу каралууда. Желим баштыктардан арылуу канчалык реалдуу жана ага альтернатива барбы?

Эми желим баштык саткандар жоопко тартылат. Бул боюнча атайын мыйзам долбоору парламенттин тармактык комитетинин 12-июндагы отурумунда экинчи окууда колдоо тапты.

Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев мыйзам долбоору полимер материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыкканын билдирди.

«Биосфералык зоналарда, өзгөчө Ысык-Көлдө ушул баштыктарды колдонбоого толук кандуу тыюу салынды. Ошондой эле сатууга да тыюу салынды. Эгер бул мыйзамды үч-беш жыл мурун чыгарсак, аны коомчулук түшүнмөк эмес. Бирок бул бүгүнкү күндүн өтө актуалдуу маселеси экенин элдин баары түшүнүп жатат. Ал бир гана жаратылышка зыян эмес. Бүгүнкү күндө биосфералык зоналар, сейилдөө бакчалары кандай абалда экени баарына белгилүү».

Ал эми экологдор полимердик баштыктардын жаратылышка тийгизген зыяны тууралуу буга чейин эле айтып келишкен.

Эколог Айгүл Ырсалиева желим баштыктар бүгүнкү күндүн орчундуу көйгөйлөрүнүн бирин экенин белгиледи. Мындай баштыктар 400 жылдан кийин да эрибейт.

Эколог желим баштыктарды колдонуунун жаратылышка, анын ичинде адамдардын жана жаныбарлардын ден соолугуна тийгизген таасирин айтып берди.

«Мен бул полимердик баштыктар, бөтөлкөлөр боюнча 25 жыл изилдөө жүргүзгөм. Бул боюнча эмгектерим бар. Полимердик баштыктарды өрттөгөндө абага органикалык, химиялык оор заттар таралат. Анан ал өсүмдүктөргө, сууларга, топурактарга аралашса, өлүп калышы мүмкүн. Ал эми адамдын организмине кирсе, ракка айланат. Бул баштыктар төрт жүз жыл болсо да эрибейт. Топуракка да сиңбейт».

Дагы бир эколог Ормон Султангазиев желим баштыктарга мыйзам менен тыюу салуу сунушун колдойт. Ал полимердик баштыктардын ордуна экологияга зыянын тийгизбеген башка баштыктарды колдонууну сунуштайт.

«Бул мыйзам долбоорун туура деп эсептейм. Азыркы учурда полимердик баштыктар, бөтөлкөлөрдү жөн эле колдонуп, ыргытып жатабыз. Аларды өрттөгөндү токтотуу керек. Мыйзам күчүнө кирсе, көзөмөлгө алуу зарыл. Желим баштыктардын ордуна альтернативдүү жолдор менен кагаздан жасалган баштыктарды колдонсо болот. Ошондой эле мурункудай чүпүрөктөн жасалган баштыктарды да колдонсо болот. Элдин аң-сезимин өзгөртүү керек. Бирок кагазды да өндүрүү үчүн токойлор кыйылат. Бирок алар бат чирийт. Кийин кайра эле топуракка сиңип кетет. Биринчи ушундай кагазга өтсө болот».

Бул маселе Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 12-июндагы жыйынында да талкууланган учурда депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоорунда сунушталган нормаларды ишке ашыруу механизмдерин кароо зарылдыгын белгилеп, чектөө чараларын кезек-кезеги менен киргизүүнү сунуштады.

Ошондой эле ал буга чейин чыккан президенттин жарлыгы Ысык-Көлдө иштебей жатканын айтты.

«Мен экологиялык мыйзамдарды колдойм. Буга чейин президенттик жарлыгы чыккан. Анда «Ысык-Көлдө полимердик баштыктар колдонулбасын, сатылбасын, чыгарылбасын» деген талаптар коюлган. Мен өткөндө көлгө бардым. Бирок жарлык күчүнө кирсе да, иштебей жатканына күбө болдум. Бул мыйзам 1-июндан баштап күчүнө кириши керек экен. Бул канчалык туура? Ошондо бул маселени ким көзөмөлдөйт? Ал эми Ысык-Көлдө бул жарлык кандай иштеп жатканы каралып жатабы?»

Министрлер кабинети желимден жасалган буюмдардан экологиялык таза кагаздан жасалган буюмдарга өтүүнү этап-этабы менен жүргүзөрүн билдирди. Бул тууралуу 13-июнда өткөн жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айтты. Анын маалыматына караганда, президенттин жарлыгын ишке ашыруу максатында токтом долбоору даярдалууда. Бардык ченемдик-укуктук актылар күчүнө киргенден тарта сунушталган нормаларды ишке ашыруу боюнча мөөнөт белгиленет жана чектөө чаралары этап-этабы менен киргизиле баштайт.

Сунушталган мыйзам долбооруна ылайык, тыюу салынганына карабай, полимер материалдарын ташып келгендер, өндүргөндөр, саткандар жана тейлөө чөйрөлөрүндө акысыз бергендер жоопко тартылат.

Exit mobile version