Марал Радиосу

Кыргызстанда мас айдоочуларга каршы рейд жүрөт

Жайкы туристтик мезгил  учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, жол кырсыктарынын алдын  алуу жана аны болтурбоо максатында 13-июндан тартып, 19-июнга чейин, жалпы өлкө аймагында «Рулда» аталышында профилактикалык багытта рейддик иш-чара өткөрүлөт.

Бул тууралуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, рейд учурунда  айдоочуларга, жөө  жүргүнчүлөргө жол эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, айрыкча ылдамдыкты ашыкча ашырып айдаган айдоочуларга жана мас абалында  унаа каражаттарын башкарган айдоочуларга катуу чаралар көрүлөт.

Exit mobile version