Марал Радиосу

14-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет билдиргендей, 14-июнда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +15…+20, күндүз +31…+36,

Талас облусунда түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +12…+17, күндүз +24…+29,

Нарын облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28.

Бишкекте жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +18…+20, күндүз +34…+36 градус болот.