Марал Радиосу

Айчүрөк Назаралиева акыйкатчынын орун басарлыгына сунушталды

Бүгүн, 13-июнда акыйкатчынын орун басары кызматына Айчүрөк Назаралиеванын талапкерлиги сунушталды.

Бул маселе Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер комитетинин жыйынында каралды. Назаралиеваны депутаттарга акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тааныштырды.

Комитетке мүчө депутаттар талапкерди колдоп, аны парламенттин жалпы отурумуна көрсөтүүгө макулдук беришти.

Айчүрөк Назаралиева 1975-жылы Бишкек шаарында төрөлгөн. 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин «укук таануу» адистигинде аяктаган.

Эмгек жолун 1998-жылы Бишкек коммерциялык коллежинде окутуучу болуп иштөө менен баштаган. 2001-2004-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде окутуучулук кызматта уланткан. 2004-2007-жылдары жеке компанияларга юрист, коомдук фондго адвокат болуп иштеген.

2007-жылдан тарта Жогорку Кеңештин аппаратында улук консультант, эксперт кызматтарында иштеп, учурда бөлүм башчылык милдетти аркалап келет.