Марал Радиосу

Президент: Өлкөнүн коргонуу жөндөмүн жогорулатууну улантабыз

Биз мамлекеттин коргонуу жөндөмүн жогорулатуунун үстүндө талыкпай иштөөнү улантабыз. Мындай пикирин президент Садыр Жапаровдун Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Ошол эле учурда ал Кыргызстан өзгөчө тынчтыкты сүйгөн өлкө экендигин белгиледи.

«Биз кайсы бир өлкөгө кол салуу максатын көздөбөйбүз. Андай ниетибиз да, плаыбыз да жок. Кандай гана чыр-чатак болбосун анын алдын алууга жана бир гана дипломатиялык жол менен чечүүгө болот деп эсептейм. Ички жана сырткы саясатта дал ушул принципти карманабыз. Ошол эле учурда бизге карата куралдуу агрессия көрсөткөндөр болсо, анын кесепетинен жарандарыбыз курман болуп, үйлөр өрттөнүп жатса, биз ага жөн гана байкоо салып отура албайбыз. Биз кандай гана агрессор болбосун тиешелүү жооп кайтарууга даярбыз», — деди президент.

Кошумчалай кетсек, 13-июнда мамлекеттик «Ала-Арча» резиденциясында президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүүдө. Анда Куралдуу күчтөрүнүн абалы жана өнүгүү багыттары тууралуу маселелер, стратегиялык объектилердин тизмеси боюнча сунуштар каралууда.

Exit mobile version