Сабырбек Султанбеков энергетика министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Султанбеков кызматынан өз каалоосу менен кеткен. Ал министрдин орун басары болуп 2022-жылдын октябрынан бери иштеп келет.
Азырынча министрдин жаңы орун басары дайындала элек. Азыр Министрлер кабинети талапкерлерди карап жатат.