Марал Радиосу

Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кетти

Бүгүн, 12-июнда кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу Меккеге жөнөп кеттиБул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка караганда, ар бир учуучу топто 672 ажы сапар алып, аларды 15 ажы башчы коштоп барат.

Ал эми ажылардын акыркы тобу 21-июнда Ош-Жидда багыты боюнча Сауд Аравияга жөнөп кетишет. Алардын саламаттыгына 20 дарыгер көз салат.

Быйылкы жылы кыргызстандык ажыларды Jazeera авиакомпаниясы тейлөөдө.

Белгилей кетсек, быйылкы ажылык сапарына Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлүнгөн. Ажылыктын баасы 3900 долларды түзөт.