Марал Радиосу

Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар текшерилди

Жалал-Абад шаарында коомдук тамактануучу жайлар, тез татым жайлары, көчө соодагерлери сатып жаткан тамак-аш текшерилди.

Шаардык мэриядан билдиришкендей, текшерүү жайкы мезгилде массалык уулануулардын алдын алуу максатында жүргүзүлдү.

Рейдге Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гүлбарчын Таштанбекова, шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, тиешелүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Текшерүүнүнүн жүрүшүндө шаардагы бир катар тез татым жайларында санитардык эрежелер толук сакталбагандыгы, кызматкерлердин санитардык китепчелери жоктугу жана азык-түлүктөрдүн сактоо эрежелери талапка жооп бербегендиги аныкталды.

Мындай текшерүүлөр улантылат.