Марал Радиосу

Түштүк Кореядан Кыргызстанга түз аба каттамы ачылды

Кечээ, 11-июнда Түштүк Кореянын борбору Сеулдан учкан T’Way Airlines авиакомпаниясынын биринчи учагы «Манас» эл аралык аэропортуна конду. Бул тууралуу «Манас» аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Кыргызстан менен Түштүк Кореянын калкы үчүн Бишкек-Сеул түз каттамы ачылды. Сеулдан Бишкекке 7 саат 30 мүнөттө келсе, Бишкектен Сеулга 6 саатта бара алышат.

Учак жумасына бир жолу каттап, Бишкектен Сеулга жекшемби күнү кетип, кайра Сеулдан Бишкекке дүйшөмбүдө кайтып келет.

«Манас» эл аралык аэропорту» ААК авиабилеттерди сатпасын жана баа саясатына аралашпай турганын, авиакомпания менен жүргүнчүлөрдүн ортосундагы каржы маселелерине кийлигишпесин эскертет.