Марал Радиосу

Арча-Бешикте кошумча таза суу линиясы курулуп жатат (сүрөт)

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров Арча-Бешик конушундагы жаңы таза суу линиясынын курулушу менен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, диаметри 200 мм болгон суу түтүгү Айылчиев көчөсүн бойлой Ыбырайым Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнүн түштүк тарабына чейин төшөлүүдө.

Бүгүнкү күндө диаметри 220 мм, узундугу 1300 метр линиялык траншеяларга 856 метрге жакын түтүкчөлөр төшөлүп, ага катарлаш курулушта топуракты толтуруу иштери жүрүп жатат.

Учурда 856 метр суу түтүгүн тартуу иштери аяктады. Бардыгы болуп 10 даана атайын техника тартылган.

Бул Арча-Бешик конушунун ылдыйкы бөлүгүн кошумча суу менен камсыздоочу бул конуштагы үчүнчү суу линиясы.