Марал Радиосу

Президент мамлекеттик кызматкерлерге акыркы эскертүүсүн берди

Бүгүн, 11-июнда президент Садыр Жапаров мамлекеттик кызматкерлерге акыркы эскертүүсүн фейсбутагы баракчасы аркылуу жарыялады.

Президент мындан эки ай мурда «Тамчы» аэропортунун маңдайындагы аялдаманы дааратканага салыштырып, анын 840 миң сомго курулушун катуу сынга алган. Мамлекет башчысы ал боюнча прокуратура органына курулушту териштирүүгө тапшырма берген. Териштирүүнүн натыйжасында Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы жана Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директоруна кылмыш иши козголуп, камалышкан.

Президенттин айтымында, аялдаманы кайрадан курууга 351 миң сом гана каражат керектелген.

«Урматтуу мамлекеттик кызматкерлер, силерге бул сабак болсун деп жатам. 33 жылдан бери ушундай жолдор менен уурдап келгенсиңер. Ошол үчүн мамлекетибиз алдыга жылбай, өнүкпөй, уурдалып- тонолуп келди. Эми мындан ары мындай ыкма менен уурдаган уурулугуңар өтпөйт.

Мен буга чейин дагы барыңарга эскерткем, дагы да эскертем. Мындан ары уурдаган сумманы эки эсе эмес, 5-10 эселеп кайтарасыңар жана түрмөдөн да чыкпайсыңар. Акыркы эскертүүм. Кийин эскертпедиң дебегиле» , — деп эскерткен президент.

Президент Талас шаарында балдар аянтчасын куруудагы коррупциялык иштер боюнча дагы мисал келтирип, дагы бир жолу курулуштан акча каражатын кымырып калуу жолун токтотууга чакырган.