Марал Радиосу

«Тамчы» аэропортунун маңдайындагы аялдама кайрадан курулду (видео)

«Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы аялдама кайрадан курулду. Аны курууга 351 миң сом каражат керектелген. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Эске салсак, Ысык-Көл райондук прокуратурасы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынан «Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайындагы эки аялдаманын курулушунун мыйзамдуулугун текшерип, натыйжада аялдамалардын курулушуна 844 миң 100 сом акча каражатын которушкандыгын аныктаган.

Бул ишке байланыштуу Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы жана Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директоруна кылмыш иши козголуп, камалышкан.