Марал Радиосу

Түркияда биринчи жолу Борбордук банктын жетекчилигине аял киши дайындалды

Түркияда биринчи жолу Борбордук банктын жетекчилигине аял киши дайындалды.

Түркиянын президенти Эрдоган кол койгон жарлыкка ылайык, өзү АКШда билим алган жана АКШдагы банктарда жогорку кызматтарда иштеген Хафиза Гая Эркан Борбордук банктын директору болду.

Учурда Түркиянын мамлекеттик каржысын башкарууга жаңы жүздөрдүн келиши инвесторлордо аз болсо да үмүт пайда кылууда. Алар өлкө жаңы кадрлардын сунушу менен салттуу экономикалык саясатка өтөт деп болжолдошууда. Бирок «Кайрадан шайланган президент Режеп Тайип Эрдоган инфляцияны азайтуу үчүн эсептик ченди жетишерлик деңгээлде көтөрүүгө макул болобу?» — деген суроо ачык бойдон турат.

Bloomberg басылмасы жазгандай, Хафиза Гая Эркан — Түркиянын борбордук банкын жетектеген алгачкы аял. Ал учурда 44 жашта. АКШдагы Принстон университетинде билим алып, Goldman Sachs компаниясынын аналитиктерин жетектеп, First Republic банкында сегиз жыл иштеп, башкы директорлукка чейин жеткен.

Exit mobile version