Украинанын Херсон облусунда жайгашкан Кахов ГЭСи 6-июнда жардырылып, суу сактагыч жараксыз абалга кептелген. Бул окуяда Орусия менен Украина бири-бирин күнөөлөп жатышат.
Эксперттер суу каптоолор 3-4 күнгө созулуп, андан соң гана дайра өз нугуна түшөрүн болжолдоп жатышат. Бул кырсык 80ден ашык калктуу конуштарга таасир берип, 16 миң адам эвакуацияланууда.
Украинанын Херсон облусундагы Орусия оккупация кылган аймактарда да куткаруу иштери жүрүп жатат. Төмөндө Нова-Каховка шаарынын суу баскан абалы:
Ал эми Днепр дарыясынын оң жээгинде Украина кайра кайтарып алган аймактардагы абал төмөндөгүдөй: