Марал Радиосу

Катардын эмири Казакстандын президенти менен жолугушту

Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад ал-Тани Астана эл аралык форумунун алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу Акордонун маалымат кызматы жазды.

Токаев Катар Казакстан үчүн Жакынкы Чыгыштагы маанилүү жана ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, бүгүнкү сүйлөшүүлөр эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын өнүгүшүнө жаңы дем берерине ишенимин билдирди.

«Жакында биздин өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин орногонуна 30 жыл толот. Албетте, бул — маанилүү этап. Бул убакыт ичинде биз натыйжалуу мамлекеттер аралык кызматташтыкты жана конструктивдүү саясий диалогду түздүк. Былтыр Астанага мамлекеттик сапар менен бардыңыз. Жакында Казакстандын премьер-министри Катарга иш сапары менен барды. Мунун баары — салттуу достуктун жана бекем өнөктөштүктүн айкын далили. Биздин өлкөлөр ортосундагы байланыштарды тереңдетүүгө жеке сиз чоң салым кошуп жатасыз. Мен муну жогору баалайм жана казак-катар мамилелерин мындан ары да бекемдөө үчүн сиздер менен кызматташууга даярмын. Биз катарлык инвесторлорго бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даярбыз», — деди казак мамлекетинин башчысы.

Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, Казакстан Катарга жалпысынан 250 миллион долларга продукциянын 60ка жакын түрүн экспорттоону көбөйтүүгө даяр. Мындан тышкары ишкердик байланыштарды активдештирүү үчүн эки өлкөнүн ортосунда түз аба каттамдарын ачуу маселеси каралууда.

Катардын эмири Казакстан менен Катардын алакасы өнүгүп жатканын белгиледи.

«Мен Казакстанга кайрадан келүү үчүн Астана эл аралык форумуна катышуу чакырыгын кубаныч менен кабыл алдым. Бул — мен үчүн чоң сыймык. Өткөн жылдын октябрь айында Астанага болгон иш сапарымдан кийин сизди кайрадан көргөнүмө кубанычтамын. Бул — боордош Казакстан менен былтыркы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулоого дагы бир жакшы мүмкүнчүлүк. Мени менен бирге Катар мамлекетинин бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн турган чоң делегациясы келди. Бул биздин өлкөлөр ортосундагы ийгиликтүү кызматташууга жол ачат деп ишенем. Бүгүнкү күндө эки тараптуу кызматташуу түрдүү тармактарда динамикалуу өнүгүп жатат. Биз башка тармактарда да кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатабыз», — деди шейх.

Катар өлкөсүнүн эмири Борбор Азия сапарынын алкагында алгач Өзбекстанга барды. 7-июнда Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келди. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен расмий жолугушуу жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кызматташуу боюнча ондон ашык документке кол коюлду.