Марал Радиосу

Муфтият: Салык кызматы ойноткон лотереялар шариятка каршы келбейт

«Чек талап кылып, байге утуп ал» лотереясы шарият ченемдерине туура келет. Мындай тастыктаманы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) бергенин Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Алынган маалыматка караганда, муфтият көзөмөл-кассалык машиналарды өлкөгө киргизүү чараларынын алкагында кызыктыруучу лотереяларды ойнотуу Ислам ченемдерине каршы келбей турганын айтып, «Лотереяда ойнотулган байгелер мамлекет тарабынан коюлуп, ага катышуу акысыз болгондуктан, мындай лотереяга шарият уруксат берет. Эгерде уюштуруучу лотереялык билеттерди сатуу менен байгелерди ойнотсо, анда шариятта мындай лотереяга тыюу салынган деп эсептелет», – деген корутунду чыгарышкан. 

Айта кетсек, Салык кызматы ойнотуп жаткан «Чек талап кылып, байге утуп ал» лотереясы боюнча күмөн ойдо болгон айрымдар аны «тыюу салынган (арам) иш» катары баалап жиберишкен. Мындан улам Мамлекеттик салык кызматы лотерея ойнотуунун шарияттагы өкүмдөрүн билүү үчүн Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгына кайрылган.

Мамлекеттик салык кызматы лотереяга катышуу акысыз экенин, болгону «Салык чек» тиркемеси аркылуу товарларды же кызматтарды сатып алууда кассалык чектерди сканерлөө керектигин белгилеп, кийинки оюн 26-июндан 1-июлга чейин өткөрүлөрүн кабарлаган.

Exit mobile version