Марал Радиосу

Эрназар Акматалиев күрөш боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчиге чыкты

FS 70kg Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Эрназар Акматалиев Дүйнөлүк күрөш уюмунун (UWW) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде 1-орунга көтөрүлдү.

Спортчу Бишкекте өткөн рейтингдик турнирде 3-орунду ээлеп, 5200 упай топтогон. Азыр анын 50 200 упайы бар жана 70 кг чейинки спортчулар арасында дүйнөлүк рейтингде 1-орунга чыкты.

Эске салсак, буга чейин спортчу 3-орунда болгон.

Эрназар Акматалиев Кыргызстандагы эркин күрөшчүлөр арасында Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, күмүш байге уткан биринчи балбан.

Быйыл февраль айында кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Египетте өтүп жаткан Ибрахим Мусафа эл аралык мелдешинде алтын медаль уткан.